Конкурс: Балчылыкты өнүктүрүү боюнча гранттык конкурс

 

Балчылыкты өнүктүрүү боюнча гранттык конкурс

 

ФСДС – Өнүгүүнүн туруктуу сунуштары коомдук уюму Балчылыкты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча бал чарбаларынын жана балчылардын арасында гранттык конкурс жарыялайт. Бул конкурс ФСДС Коомдук уюмунун «Азык-түлуук коопсуздугу» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Грант 2 950 000 (эки миллион тогуз жүз элүү миң) сомго чейин берилет.   

 

Конкурстун алкагында аткарылуучу милдеттер: 

  • Бал өндүрүүчүлөргө (балчыларга) техникалык колдоо көрсөтүү
  • Балды кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
  • Балчылыкка кызыктар болгон тараптарга кенеш берип туруу

 

Конкурска катышуунун талаптары:

  • Бал өндүрүү жана кайра иштетүүдө 5 жылдан кем эмес тажрыйба
  • Балды өндүрүү жана кайра иштетүүдө керек болгон техникалык жана материалдык мүмкүнчүлүктөр
  • Ишкананын бир жылдык обороту 6 000 000 сомдон жогору болушу  
  • Бериле турган гранттын үстүнө 300 000 (үч жүз миң) өздүк салымды акчалай кошуу
  • Балды экспортко чыгаруудагы иш-жүзүндөгү тажрыйба артыкчылыкка ээ 

 

Конкурска катышууга кызыккан тараптар, конкурстун милдеттерин аткаруу боюнча тиркемедеги форманы толтуруп  office@fsds.kg электрондук дарегине жиберүүсү зарыл. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөту 17:00, 03 июнь 2019. 

Кошумча маалымат жана сурап билүү телефону (0) 550 780 715

 

 

Fair and Sustainable Development Solutions  

Крайний срок
03.06.2019  

Город / область
Несколько мест  

Категория объявления
Сельское хозяйство  

Опубликовано
17.05.2019  

Прикрепленные файлы

Итоги проведения тендера (конкурса, аукциона, запроса) и или итоги исполнения договора
 


Поделится c другими

© Tenders.kg - Все права защищены | Пользовательское соглашение | Контакты и Техподдержка email: info@tenders.kg тел.: +996779904019